Umra.kyrgyzstan

Umra.kyrgyzstan Мекке жана Мадина шаарларына зыярат турлары. Умра сапары.

28/11/2022
Күндөрдүн биринде сахабалардан Абдулла бин Жабир (р.а) минтип сурайт:“Оо, Аллахтын Элчиси, баарынан мурун Аллахтын эмнен...
25/11/2022

Күндөрдүн биринде сахабалардан Абдулла бин Жабир (р.а) минтип сурайт:
“Оо, Аллахтын Элчиси, баарынан мурун Аллахтын эмненин жараткандыгын айтып бересинби?”
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул жоопту берет:
“Баарынан мурда, сенин Пацгамбарыңдын нурун Өз нурунан жаратты. Ал нур Алла Тааланын кудурети менен каалагандай кезип жүргөн. Ал убакта Лаух-Калам да, бейиш-тозок да, периштелер да, асман-жер да, Кун-Ай да, адам баласы менен жиндер дагы жок эле”

Ааламды жарык кылган нур, акыры эң биринчи азирети Адамдын бешенесине жарык берди. Андан кийин пайгамбарлардан пайгамбарларга өтүп отуруп, Ибрахим (а.с) чейин келди. Андан пайгамбарлык уулу азирети Исмаил (а.с) өткөн.

Азирети Адам жер бетиндеги алгачкы ибадат жай болгон Каабаны биринчи болуп курган жана ал имарат кылымдар өткөндөн кийин урап, жер менен жексен болгон. Азирети Ибрахим бул ыйык имараттын кайрадан курулушу үчүн Алла Тааладан буйрук алып, уулу Исмаил (а.с) менен бирге дароо курулуш иштерин башташат.

Если ты давно занимаешься продажами и хочешь набраться еще больше знаний и преуспеть в этой сфере, то Мы приглашаем Тебя...
24/11/2022

Если ты давно занимаешься продажами и хочешь набраться еще больше знаний и преуспеть в этой сфере, то Мы приглашаем Тебя в нашу команду!
По все вопросам писать на вотсап номер :
📲0755554195
📲0509941919

Халима менен Харис Пайгамбарыбызды(с.а.в) бешке чыгайын деп калганда Меккеге алып келип, апасына өткөрүп беришти. Бир ка...
22/11/2022

Халима менен Харис Пайгамбарыбызды(с.а.в) бешке чыгайын деп калганда Меккеге алып келип, апасына өткөрүп беришти. Бир канча убакыт мурда жалынып-жалбарып отуруп алып кеткен баланы кайра мынтип болжогон убакытка жетпей алып келишти.
Ошо күнү алар Пайгамбарыбыздын төрөлүшүнөн мурунку жана төрөлүү маалындагы кереметтүү окуяларды эскерип отурушту. Анын эч юир жанга окшобой турган бала болоору да баарына түшүнүктүү болчу. Натыйжада, Халима менен Харис жанындай көргөн бала менен жана анын үй-бүлөсү менен кош айтышты.
Бүткүл Ааламдын Мырзасы эми өз энесинин колуна тапшырылды. Жаңыдан гана турмуш куруп баштаганда өмүрлүк жарынан айрылган Амина энебиз мындан нары уулун медер тутуп жашап жүрдү. Бүтүндөй бир үйду шаңга бөлөп, береке киргизген дагы, жан жыргаткан кубаныч тартуулаган дагы Пайгамбарыбыз эле. Анан калса, Анын тыкандыкка, тазалыкка аябай көңул бурганы апасы Аминаны дагы аябай тан калтырган. Ал эми улууларга көрсөткөн сый-урматын ким болбосун алкышка алып жатты.
Ао ошол кезде эле досторунан эч нерсесин аячу эмес. Аны менен ойноо же маектешүү балдар үчүн барып турган ырахаттын өзү болчу.

Давно хотели прокачать свои навыки по продажам и не знаете как это сделать? Мы предлагаем вам бесплатный онлайн вебинар ...
22/11/2022

Давно хотели прокачать свои навыки по продажам и не знаете как это сделать?
Мы предлагаем вам бесплатный онлайн вебинар по продажам с дальнейшим трудоустройством!

Если вы заинтересованы оставьте + и мы с вами свяжемся 🥳

Умра- Исламда сүннөт жана мустахаб амал болуп эсептелинет.Абу Хурайра (р.а) баяндайт: Пайгамьарыбыз (с.а.в) айтты: «Ким ...
20/11/2022

Умра- Исламда сүннөт жана мустахаб амал болуп эсептелинет.
Абу Хурайра (р.а) баяндайт: Пайгамьарыбыз (с.а.в) айтты: «Ким күнөө жасап, жаман сөздөрдү айтпастан Аллах үчүн ажылык кылса, ал энеден төрөлгөндөй (күнөөдөн таза болуп) кайтат».
«Бухари Муслим»

Барган кишиге Аллах сөзсүз белек берет. Кандай белек экени сыр. Ар кимге өзүнө жараша белек болот. Аны ошол жакка барганда гана билесиң, сезесиң. Анткени үй ээси коногуна белек берет эмеспи. Ал эми Аллах таала - Жаратуучубуз кантип сүйүктүү коногун белексиз кайтарсын?

"Ажылар жана умрачылар Алланын коноктору"

Ниет-ибадаттардын негизи.Туура кылынган ниеттен эмне иш болбосун, мейли үй жынообу же жумушпу Аллахка ибадат болоорун эс...
16/11/2022

Ниет-ибадаттардын негизи.
Туура кылынган ниеттен эмне иш болбосун, мейли үй жынообу же жумушпу Аллахка ибадат болоорун эстен чыгарбашыбыз керек.

Эң касиеттүү деп эсептелинген амалдар туура эмес ниеттен улам озунун баалуулугун жоготуп, кичинекей амалдар жакшы ниеттен улам өзгөчө амалга айланышы мумкун.

Ошондой эле ажылыкты дүнүйө максаттарын көздөө үчүн эмес, Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн чын жүрөктөн ниет коюуу керек.

Ниет кылуу - ажылыктын эн маанилуу бөлүгү. Ошондуктан ниетсиз ажылык же умра кабыл болбойт.

Момундардын башчысы Абу Хафз Умар бин Хаттаб (р.а.) пайгамбарыбыз (с:а.в.) дын мындай деп жатканын уктум, деди: “Кылынган иштер ниеттерге жараша. Ар ким кылган ишинин үзүрүн ниетине жараша көрөт. Кимдин ниети Аллага жана Анын элчисине баруу, аларга кошулуу үчүн көчсө, ага жазылган сооп да Аллага жана Анын элчисине кошулуу үчүн көчкөндүн сообу берилет. Кимде-ким бир байлык үчүн же бир аялга үйлөнүү үчүн жолго чыкса (көчсө) хижрат сообу ошого жараша жазылат..”

Передают со слов Абу Хурайры, да будет доволен им Аллах, что однажды посланника Аллаха, да благословит его Аллах и приве...
15/11/2022

Передают со слов Абу Хурайры, да будет доволен им Аллах, что однажды посланника Аллаха, да благословит его Аллах и приветствует, спросили: «Какое дело является наилучшим?» Он ответил: «Вера в Аллаха и Его посланника». Его спросили: «А после этого?» Он ответил: «Джихад на пути Аллаха». Его снова спросили: «А после этого?» Он ответил: «Безупречный хадж».

аль-Бухари, 26; Муслим, 83.

✅Бут кийим. Ынгайлуу,оорутпаган,чор калтырбаган,жука спорт бут кийими жана алмаштырып туруу учун слансы (шлёпка) алып ал...
14/11/2022

✅Бут кийим.
Ынгайлуу,оорутпаган,чор калтырбаган,жука спорт бут кийими жана алмаштырып туруу учун слансы (шлёпка) алып алыныз.

✅Рюкзак.
Жанынызга бир чон рюкзак жана ибадат учурунда зам-зам суусун, жай намаз, слансы салып журуу учун кичинекей,ынгайлуу рюкзак-сумка алып алуунуздарды сунуштайбыз.

✅Влажная салфетка,аптечка.
Аба алмашуусунан улам башыныз оорушу мумкун. Алдын ала кичинекей даары салгыч даярдап, керектуу даары-дармектерди, аты толугу менен окула тургандай кылып салып алсаныз болот.
Текшеруудон отуп жатканда, даарынын аты корунуп туруусу керек.

✅Паспорт жана телефон.
Керектуу документтерди унутпай,сапарга чыгуудан мурун даярдап,толуктап коюнуз. Телефон учун зарядка,пауербанк алып алыныз

✅Ихрам.
Бул эркектер учун ибадат учурунда кийилчу ак тустогу кийим. Алдын ала сатып алсаныздар болот.

✅Кийим.
Ачык тустогу кийимдер ысыкты тартпайт жана ынгайлуу келет. Ал жакта кийимди жууп,утуктоо учун коп убактыныз болбогонуна караштуу, коп бырышпаган, жер кыдырганда ынгайсыздык жаратпаган кийим алсаныз болот.

Раббиңди шүгүр менен тасбих кыл (аруула), жана сажда кылуучулардан бол!
11/11/2022

Раббиңди шүгүр менен тасбих кыл (аруула), жана сажда кылуучулардан бол!

❓Сизди кышында Мекке жана Мадина шаарларында кандай аба ырайы кутуп турат? ✔️ Кышкысын Медина жана Мекке шаарларында аба...
09/11/2022

❓Сизди кышында Мекке жана Мадина шаарларында кандай аба ырайы кутуп турат?

✔️ Кышкысын Медина жана Мекке шаарларында аба ырайы ынгайлуу болот 😍
+30 — +35 градуска чейин ысыйт.

Башка мезгилдерге салыштырмалуу анча ысык эмес,эн жакшы аба ырайы кутуп турат!

Слово умра имеет два значения. Аз-Зухайли, аль-Джазари и аш-Шаукани пишут, что слово «умра» означает «посещение», «визит...
08/11/2022

Слово умра имеет два значения. Аз-Зухайли, аль-Джазари и аш-Шаукани пишут, что слово «умра» означает «посещение», «визит». Вместе с тем Абуль-Хасан аль-Маварди приводит в своем Тафсире иное значение данного слова — «стремление», «намерение»

Умра – это малое паломничество, которое, в отличие от хаджа, совершается в любое время и содержит в себе меньшее количество ритуальных действий.

В Коране Всевышним сообщается:
«Завершайте хадж и малое паломничество во имя Аллаха…» (Сура «Корова», 2/196).

Основой Умры является семикратный обход Каабы. Во время Умры паломникам не нужно отправляться в Муздалифа (долина возле Мекки в Саудовской Аравии), совершать обряды стояния на горе Арафат и забрасывания камней.

#мекка #кааба #паломничество

🤩50$ утуп алыңыз!🤝Ассалам алейкум, урматтуу бир туугандарым! Биз .kyrgyzstan командасы Аллахтын буйругу менен 1-декабрда...
01/11/2022

🤩50$ утуп алыңыз!

🤝Ассалам алейкум, урматтуу бир туугандарым! Биз .kyrgyzstan командасы Аллахтын буйругу менен 1-декабрда жөнөй турган Умра - руханий сапарына кабыл алууну баштадык. Бисмиллах!

🕋 Андыктан 15-ноябрга чейин жазылып, 50$ утуп алыңыз! Убакыт аз калды!

🕋 14 күн бою тажрыйбалуу ажы башчы жана профессионалдуу гид сиздердин сапарыңыздар ойдогудай өтүшүн камсыздайт. Биздин команда сизге ынгайлуу учак, транспорт, мейманкана жана сиз каалаган кошумча бардык кызматтарды 24 саат бою көрсөтмөкчү.

Мекке жана Мадина шаарларында Жараткандын коногу болуу Сизге да насип болсун!🤲

🕋 Кошумча маалыматтар үчүн жеке катка же төмөнкү номерлерге кайрылыңыз:

📱+996 509 94 19 19
📱+996 755 55 41 95

🕋Руханий сапарга биз менен бирге чыгыңыз!

👋Ассалам алейкум МЫРЗАЛАР!!! Балдар группасы ачылды!⠀Хадис: "Адамдардын кээ бирлери Алланын эң жакын кулдары. Сахабалар:...
23/02/2021

👋Ассалам алейкум МЫРЗАЛАР!!! Балдар группасы ачылды!

Хадис: "Адамдардын кээ бирлери Алланын эң жакын кулдары. Сахабалар: - Эй Расулалла, алар кимдер? - деп сурашты. Пайгамбарыбыз (с.а.с.): - Алланын эң жакын кулдары - Куран ээлери" - деп жооп берди.

📖Өзүбүз Куран үйрөнүп, уул-кыздарыбызга да өзүбүз үйрөтөлү.

✔ Группага 15 адамга чейин эле кабыл алынат.

✔Куран окууну уникалдуу метод менен 36 саатта өздөштүрө аласыз.

✔Тажрыйбалуу мугалимдер.

✔Ар бирине өзүнчө көңүл бурулат.

✔Сабактар кыргыз тилинде өтүлөт.

💼 1 сааттын баасы болгону 42 сом, 36 саат үчүн 1490 сом гана төлөйсүз. Түшкөн каражат кайрымдуулук ишине жана мугалимдердин айлык акысына жумшалат.

📲Кошумча маалымат үчүн:
Whatsapp 0990 755 766

#куран #тажвид #онлайнсабак #онлайнокуу #онлайнкурсы #бишкек #кыргызстан #ош #баткен #жалалабад #нарын #талас #ысыккөл #чүй

Пайгамбарыбызга (саллаллааху алейхи васаллам) салават айтуу.🌹 Абу Хурайранын (р.а) риваятында Пайгамбарыбыз ( с.а.в) мын...
17/02/2021

Пайгамбарыбызга (саллаллааху алейхи васаллам) салават айтуу.

🌹 Абу Хурайранын (р.а) риваятында Пайгамбарыбыз ( с.а.в) мындай деген: " Ким мага бир салават айтса, Алла ага он салават айтат." ( Муслим)

🌹 Абдуллах бин Масуддун (р.а) риваятында Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) " Кыямат күнү мага эң жакын боло тургандар - мага көп салават айткандар", - деген.

👋Ассаламу алайкум!⠀💢Тема:  Өздөрүнөн кийин тамгаларга уланбай жазылган тамгалар.⠀📖Араб алфавитинде тамгалар кол кармашка...
06/02/2021

👋Ассаламу алайкум!

💢Тема: Өздөрүнөн кийин тамгаларга уланбай жазылган тамгалар.

📖Араб алфавитинде тамгалар кол кармашкан сыяктуу бири-бирине уланып жазылат. Бирок кээ бир тамгалар өздөрүнөн кийин эч бир тамгага улана албайт.

☝️ Алар алтоо: ا د ذ ر ز و

Сабак жактыбы сизге? Жакындарды комментке белгилегенди унутпаңыз🤓

tm: quran_academykg
f: quran_academy.kg
W:0555336566

☝️Куранда  Аллах Таала мындай деген: «Ээ, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана момун-мусулмандардын аялдарына айткының, ...
01/02/2021

☝️Куранда Аллах Таала мындай деген:
«Ээ, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана момун-мусулмандардын аялдарына айткының, үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Анткени бул аларды ар кандай кордуктардан сактайт».
(Ахзааб, 59 аят)

Ислам динине кызмат кылган белгилүү аалым Саид Нурси өзүнүн "Рисале - е Нур" аттуу китебинде айымдар эмне үчүн жоолук салунууга муктаж экенин далилдеп берген.
🧕🏻 Ороону аял затынын табиятына ылайык келет. Анткени аял табиятынан алсыз, назик келип ар дайым коргоого жана колдоого муктаж .
🧕🏻 Турмушка чыккан күйөөсүнүн сүйүүсүнө ээ болуу. Башка айтканда ортодогу мамилени бекемдөөдө чоң роль ойнойт. Анткени, аял эркек кишинин наамысы. Эгер, күйөөсү көчөдөгү жат эркекердин аялына суктанып карап жатканын көрсө, бул нерсе аны наамыстандырып, көңүлүн калтырат.
🧕🏻 Аялдар арасындагы сулуулук үчүн болгон атаандаштыкты жок кылат.
🧕🏻 Кыз кишинин жоолук салынып жүрүүсү ден - соолугу үчүн маанилүү.
Ачык жүргөн аял бир гана руханий жактан эмес, материалдык жактан да зыянга учурайт. Анткени, көздүн да энергиясы бар экенин окумуштуулар далилдеп беришкен. Бул энергиянын таасири астында калган адамдар ар кандай ооруга чалдыгып, рак илдетине чейин кабылгандар да бар. Бир адамды суктанып караганда, ага башкалардын назары тийип, стресске кабылат.
🧕🏻 Күчтүү урпак жана таза коом.
Кайсыл бир жерде ачык жүргөн аял заты көп болсо, ал өлкөнүн эркектери алсыз болушат. Эркек киши жат аялдын сулуулугуна суктанып караган сайын күчсүз боло баштайт. Бул коомдогу оору, алдамчылык, ажырашуу, никесиз төрөлгөн балдар жана башка көптөгөн көйгөйлөрдүн келип чыгышына алып келет.

#жоолуккуну #исламдини #хиджабпарз

👋Ассаламу алайкум достор!⠀🏷Тема: Аракелер⠀💢Араб алфавитинде үндүү тамгалар жок. Ошондуктан, тамгаларды кыймылга келтирип...
28/01/2021

👋Ассаламу алайкум достор!

🏷Тема: Аракелер

💢Араб алфавитинде үндүү тамгалар жок. Ошондуктан, тамгаларды кыймылга келтирип, тыбышка айландырган атайын белгилер бар - аракелер деп аталат.

Алар: фатха, касра, домма белгилери.

☘️ Фатха - тамганын үстүнө жазылып, "а" деген тыбышты берет.

Мисал: اَ - а, بَ - ба, تَ - та

☘️ Касра - тамганын астына жазылып, "и" тыбышын берет.

Мисал: اِ - и, بِ - би, تِ - ти

☘️ Домма - тамганын үстүнө жазылып, "у" тыбышын берет.

Мисал: اُ - у, بُ - бу, تُ - ту

Куран окууну үйрөнсүн деген жакындарды белгилейбиз👇

🤓Сабак жактыбы? Сизден сунуш, пикир күтөбүз.

Facebook: quran_academy.kg
Whatsapp: 0555336566

#куран #ислам #тажвид #бишкек #кыргызстан #мусулман #дин

Ал өзгөчө эле, анткени....🌸Ал момундардын алгачкы Энеси!🌸Алланын элчисинин (с.а.в) алгачкы жубайы жана Аны менен бирге э...
21/01/2021

Ал өзгөчө эле, анткени....
🌸Ал момундардын алгачкы Энеси!
🌸Алланын элчисинин (с.а.в) алгачкы жубайы жана Аны менен бирге эң биринчи ибадат кылган аял!
🌸Алгачкы ыйман келтирген айым!
🌸Ислам үчүн эч нерсесин аябаган аруу зат!
🌸Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жүрөгүн сүйүүгө толтурган айым!

Азирети Хадижа Энебиз Пайгамбарыбыз Мухаммедден (с.а.в) он беш жаш улуу, ошону менен бирге балалуу, жесир аял болгон. Ал өзүнүн адеп - ахлагы, назиктиги, акылмандыгы жана махабатынын тереңдиги менен Алланын элчисин (с.а.в) өзүнө тарткан. Экөө бирге жыйырма беш жыл өмүр сүрүп, бири - биринин жашоосун дайыма жандандырышкан. Алардын басып өткөн жолу, баардык үй бүлөө үчүн жандуу өрнөк бойдон кала бермекчи.

💎Турмуш кура турган адамыңыздын мал - мүлкүнөн дагы көбүрөөк адеп - ахлагына көңүл буруңуз. Азирети Хадижа Энебиз:
"Эй, Алланын сүйүктүү кулу! Мен сиздин ахлагыңызга суктангандыгым үчүн сизге турмушка чыгууну кааладым" - деп айткан.
💎 Аял, өмүр жолдошуна дайыма көмөкчү эмеспи. Хадижа Энебиз да өзгөчө, кыйын кезинде Пайгамбарыбызга (с.а.в) алгачкы вахий келген учурда: " Мага эми ким ишенет, эй Хадижа?" - деп сураганда, өзгөчө сапаттарын эскертүү менен : " Эч ким ишенбесе дагы Мен ишенем, Эй Алланын элчиси! - деген.
💎Байкоо учурунда Энебиз малы менен жаңы менен Пайгамбарыбыздын (с.а.в) башына келген кыйынчылыктарына чыдап, көңүл кучагын баардык момундарга ачкан. Айрыкча, Алланын элчисинин сүйүктүүлөрүнө белектерди тартуу кылган.
Азирети Хадижанын кайтышынан кийин дагы Пайгамбарыбыз (с.а.в) курмандыка чалган малдарынан Энебиздин туугандарына бөлүп жиберчү.
💎Азирети Хадижа Энебиз түшүнүктүүлүү, башкалардын түйшүгүн ойлонгондугу, чексиз сүйүүсү жана жоомарттыгы менен Алланын элчисинин өзгөчө мактоосуна татып, көңүлүн ээлеп алган.
💎Үй-бүлөөбүзгө кылган эң чоң жардамыбыз сүйүү болгонун эстен чыгарбайлы. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Азирети Аиша Энебизге Хадижа Энебиз жөнүндө: " Аллах мага андан да жакшысын берген жок. Анын сүйүүсү мага ырыскы катары берилди", - деген.
💎 Азирети Хадижа сырткы көрүнүшүнө жана тазалыгына көбүрөөк көңүл бурган. Колунан келишинче күндө жарашыктуу кийинип, жүз келбетине маани берген.

ЫЙМАНДЫН ТОЛУКТУГУАлланын Элчисинин кызматкери Абу Хамза Анас ибн Маликтин (А.Ы.Б.) айтымында: Алланын Элчиси айтты:«Сил...
19/01/2021

ЫЙМАНДЫН ТОЛУКТУГУ

Алланын Элчисинин кызматкери Абу Хамза Анас ибн Маликтин (А.Ы.Б.) айтымында: Алланын Элчиси айтты:

«Силердин эч кимиң өзүңөргө ыраа көргөн (өзүңө каалаган) нерсени башка бирөөгө да ыраа көрмөйүнчө толук момун боло албайсыңар».

(Бухари, Муслим)

👋Ассаламу алайкум достор!⠀💢Бүгүн бизде Куран тарыхы саатыбыз.⠀🔆Тема: وحي - Вахий.⠀🏷Сөздүк мааниси: бир кабарды жашыруун ...
16/01/2021

👋Ассаламу алайкум достор!

💢Бүгүн бизде Куран тарыхы саатыбыз.

🔆Тема: وحي - Вахий.

🏷Сөздүк мааниси: бир кабарды жашыруун жана чагылгандай тез билдирүү. Андан сырткары илхам, ишарат, шыбыроо, буйрук берүү ж.б. дагы маанилери бар.

🏷Терминологиялык мааниси: "Аллах Тааланын Пайгамбарларына ар түрдүү сөз жана буйруктарды жиберүүсү." Аль-Кирмани, Ибн Хажар, Аль-Айни.

🏷Маанилүү: Куран Пайгамбарыбызга (с.а.с.) Жабраил (а.с.) аркылуу, кээде шыбыраган үн болуп, кээде Жабараил (а.с.) өз келбети, кээде жигит келбетинде келип Курандан кабар берүүсү менен, Пайгамбарыбыздын (с.а.с.) түшүнө кирүүсү менен ВАХИЙ кылынган.

🔖Куран тарыхы, тажвид, аят, хадистерден кабардар болуп туруңуз жана жакындарды белгилегенди унутпаңыз.👇

📧Telegram: quran_academykg
📧Facebook: quran_academy.kg
📱Whatsapp: 0555 33 65 66

#хадис #тажвид #ислам #мусулман #бишкек #кыргызстан

Алланын элчиси ( с.а.в) айтты: "Аллага жана акыретке ишенген адам кошунасына зыян бербесин.Аллага жана акыретке ишенген ...
29/12/2020

Алланын элчиси ( с.а.в) айтты:

"Аллага жана акыретке ишенген адам кошунасына зыян бербесин.
Аллага жана акыретке ишенген адам коногун сыйласын.
Аллага жана акыретке ишенген адам жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын."

Бухари, Абад 31

#Хадис

Алланын элчиси ( с.а.в) айтты: "Аллага жана акыретке ишенген адам кошунасына зыян бербесин.Аллага жана акыретке ишенген ...
29/12/2020

Алланын элчиси ( с.а.в) айтты:

"Аллага жана акыретке ишенген адам кошунасына зыян бербесин.
Аллага жана акыретке ишенген адам коногун сыйласын.
Аллага жана акыретке ишенген адам жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын."

Бухари, Абад 31

💢Бүгүн биз Куран тамгалары менен таанышабыз!⠀🔖Куран алиппесинде 28 тамга бар. Алардын 7 калың, калган 21 ичке тамгалар б...
29/12/2020

💢Бүгүн биз Куран тамгалары менен таанышабыз!

🔖Куран алиппесинде 28 тамга бар. Алардын 7 калың, калган 21 ичке тамгалар болуп эсептелет.

🏷Калың тамгалар: خ، غ ، ق، ص، ض، ط، ظ.

🏷Калган тамгалар: ا، ب، ت، ث، ج، ح، د، ذ، ر، ز، س، ش، ع، ف، ك، ل، م، ن، و، ه، ي.

☝️Эскертүү: калган 21 тамгалар ичкелердин катарына кирсе да, кээ бирлеринин өзүнчө өкүмдөрү (сыпаттары) бар. Аларга алдыда кененирээк токтолобуз.

📧Telegram: quran_academykg
📧Facebook: quran_academy.kg
📧Whatsapp: 0555336566

🤓Тамгаларды жаңы үйрөнүп жаткан досторду белгилейбиз👇


МҮНӨЗДҮН МЫКТЫЛЫГЫ 🌹Абу Зарра Жундуб ибн Жунад жана Абу Абд ар Рахман Муаз ибн Жабалдын (ал экөөнө тең Алланын ыраазылыг...
23/12/2020

МҮНӨЗДҮН МЫКТЫЛЫГЫ 🌹

Абу Зарра Жундуб ибн Жунад жана Абу Абд ар Рахман Муаз ибн Жабалдын (ал экөөнө тең Алланын ыраазылыгы болсун) айтымында:

Алланын Элчиси айтты: «Алла Тааладан кайда болсо да, качан болсо да корккунуң. Эгер бир жаман иш кылып койсоң аны жууп кетсин үчүн артынан дароо жакшы иш кылгының жана адамдар менен жакшы мамиледе бол!» (Тирмизиден).

#Хадис #аннавави

Address

Bishkek

Telephone

+996707994948

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Umra.kyrgyzstan posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Umra.kyrgyzstan:

Videos

Share

Category


Other Travel Companies in Bishkek

Show All