26/03/2024
26 мартта Кыргыз Республикасынын
билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспурумдөр
борборунун Бишкек шаарындагы Октябрь районундагы №63 Ч.Т.Айтматов атындагы гимназия-мектебинин "Жаш туристтер-жерин таануучулар" программасынын негизинде түзүлгөн Ахметшин Руслан Юрьевич жетектеген "Жаш туристтер-жерин таануучулар" ийриминин окуучулары Ысык-Ата капчыгайына жана Буранага дем алыш күндүк жүрүшүн өткөрүштү.
Экскурсия/жүрүштүн максаты:
Туристтик-аймак таануу жана экологиялык иш-аракеттердин процессинде позитивдүү жашоо баалуулуктарын калыптандыруу. Экскурсиялардын баары байкагычтыкты өнүктүрүүгө, жаратылышка болгон кызыгуунун пайда болушуна өбөлгө түзөт. Экскурсия көптөгөн экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Балдарга эстетикалык тарбия берүүдө дагы экскурсиялардын мааниси чоң. Жаратылыштын кооздугу адамды терең ойго салып, эстетикалык сезимдердин өсүшүнө өбөлгө түзөт. Жаратылышка болгон экскурсия балдардын таза абада болушу, кыймылда болушу менен байланыштуу, бул ден соолукту чыңдоого көмөктөшөт.
Милдеттери:
Окутуучу:
- жөө туризмдин техникасынын негиздерине, коопсуздук техникасынын эрежелерине, жүрүш, экскурсияларда жашоону уюштурууга окутуу;
- мектепте география, биология, экологиядан алган билимдерин кеңейтүү.
Өнүктүрүүчү:
- окуучулардын интеллектуалдык жана руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү ;
- курчап турган чөйрө жөнүндө билимдерин кеңейтүү.
- ден соолугун чыңдоо, интеллектуалдык жана руханий өнүгүү менен бирдикте физикалык маданиятты тарбиялоо.
Тарбиялык:
-Атуулдукка, аймак таануу, туризм сабактарынын каражаттары менен туулган жерди сүйүүгө тарбиялоо;
- экологиялык маданиятка, курчап турган чөйрөгө жоопкерчилик сезимине тарбиялоо жана аны окуп-үйрөнүү, коргоо, калыбына келтирүү боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жасоого умтулуу;
- коллективде болууга, эмгек жана мамиле жасоо маданиятынын стандарттарын өздөштүрүү;
- айлана чөйрөнүн сулуулугун көрө билүүнү калыптандыруу;
- жашоонун сергек мүнөзүнө болгонк керектөөнү тарбиялоо.
К.Д.Ушинский айткандай бала менен табиятта өткөргөн бир күн, анын окуу партасында өткөргөн бир нече жумасына барабар. Окуучулардын окуусу менен тарбиясынын экскурсиялар, турсаякаттар менен айкалыштырылышын атакту мугалимдер С.Т. Шацкий, А.С.Макаренко, В.А. Сухомлинский жана башкалар да туура көрүшкөн.
Чынында, мектеп туризми окуучулардын өзүнүн интеллектуалдык жана физикалык потенциалынын өнүгүүсүнө, кичи мекенине болгон сүйүүсүн, жаратылышка болгон аяр мамиле, экологиялык маданияттын жайылтуусун жана айлана чөйрөнү таануу менен бирге активдүү жашоо образын алып жүрүүгө үйрөтөт.
Качан гана окуучу курчап турган дүйнөнү түздөн-түз көрүп, укканда, сезгенде алдындагы китеп беттериндеги, окуу куралдарындагыга караганда эмоционалдык жактан бай, эсте каларлык образдар менен кабыл алат, Мекенди, анын маданиятын, анын жаратылышын, тарыхын, адамдарын сүйүүгө тарбияланат.
Ошондой эле, балдар коллективде жашоого, достошууга, бири-бирине жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө, өз алдынча жана жоопкерчиликтүү болууга, коомдогу жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүүгө ж.б.
Кыргыз Жараны жана
"Жаш аймак-таануучу туристтер" ийрими
"Жаш аймак-таануучу туристтер" ийриминин программасы «Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы» (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылынын 13-ноябрындагы №39 Указы) менен тыгыз айкалышат да, толеранттуулукту күчөтүп жана кыргызстандын элдеринин тарыхый-маданий мурасына кызыгууну сактоо менен алардын биримдигин бекемдөөгө көмөктөшөт.
Экскурсияларда, узакка созулган аймак таануу-туристтик жүрүштөрдө окуучулар бири-бирин жакшы билип, коллективде жашаганды үйрөнүшөт, достошуп, жардам берип колдоо көрсөткөндү адатка айлантышат, өлкөбүздүн ар кайсы региондорунун маданиятынын өзгөчөлүктөрүнөн кабардар болуп, аларга кызыгууларын арттырышат, жергиликтүү калк менен таанышышат, аймактын адамды кызыктырарлык, көзгө урунарлык, атактуу жерлерин көрүшөт.
Мындай шарттар «Кыргыз жараны» Концепциясынын кошкон чоң салымы болуп, улуттун биримдигине, кайсы жерде жашап жатканына карабастан жарандарды урматтоого өбөлгө түзөт.
******************************************
26 марта 2024 г. учащиеся кружка "Юные туристы-краеведы" под руководством руководителя кружка Ахметшина Руслана Юрьевича совершили поход выходного дня в ущелье Ысык-Ата и историко-архитектурный комплекс Башня Бурана.
Цель экскурсии/похода:
Формирование позитивных жизненных ценностей в процессе туристско-краеведческой и экологической деятельности. Любые экскурсии способствуют развитию наблюдательности, возникновения интереса к природе. Экскурсия помогает решить многие экологические проблемы. Велика роль экскурсии и в эстетическом воспитании детей. Красота природы, окружающая их, вызывает глубокие переживания, способствует развитию эстетических чувств. Экскурсии на природу связаны с пребыванием детей на воздухе, с движением, что содействует укреплению здоровья.
Задачи:
Обучающие:
- обучение основам техники пешеходного туризма, приемам техники безопасности, организации быта в походах, экспедициях;
- расширение знаний по географии, биологии, экологии, полученных в школе.
Развивающие:
- интеллектуальное и духовно-нравственное развитие учащихся;
- расширение знаний об окружающем мире;
- укрепление здоровья, воспитание физической культуры в единстве с интеллектуальным и духовным развитием.
Воспитательные:
- воспитание патриотизма, любви к родному краю посредством занятия краеведением, туризмом;
- воспитание экологической культуры, чувства ответственности за состояние окружающей среды и стремления к конкретной деятельности по ее изучению, охране, воспроизведению;
- воспитание коллективизма, освоение стандартов культуры труда и общения;
формирование умения видеть красоту окружающего мира;
- воспитание потребности в здоровом образе жизни.
Как говорил К.Д.Ушинский, что день, проведённый ребёнком на природе, стоит многих недель, проведённых им на учебной скамье. За соединение обучения и воспитания школьников с экскурсиями, турпоходами выступали такие знаменитые педагоги как С.Т.Шацкий, А.С.Макаренко, В.А.Сухомлинский и другие.
Действительно, школьный туризм позволяет учащимся развить свой интеллектуальный и физический потенциал, проникнуться любовью к своей малой родине, бережно относиться к природе, пропагандировать экологическую культуру и вести активный образ жизни, познавая окружающий мир.
Когда ученик непосредственно видит, слышит, осязает окружающий мир, он воспринимает его в более ярких, эмоционально насыщенных, запоминающихся образах, чем те, которые предстают перед ним со страниц книг, учебных пособий, воспитывается любовь к Родине, её культуре, её природе, истории, людям.
Также ребята учатся жить в коллективе, дружить, помогать и поддерживать друг друга, становятся более самостоятельными и ответственными, учатся правилам поведения в обществе и т.д.
Кыргыз Жараны и кружок "Юные туристы-краеведы"
Программа кружка "Юные туристы-краеведы" тесно переплетается с Концепцией развития гражданской идентичности "Кыргыз жараны" (Утверждена
Указом Президента Кыргызской Республики
от 13 ноября 2020 года № 39)
и содействует укреплению единства народа Кыргызстана, повышая толерантноть и сохраняя интерес к историко-культурному наследию народов Кыргызстана.
На экскурсиях, длительных туристско-краеведческих походах учащиеся узнают друг друга, учатся жить в коллективе, дружить помогать и поддерживать друг друга, приобщаются к особенностям культуры разных регионов страны, знакомятся с местными жителями, узнают о местных достопримечательностях региона.
Такие условия, как всем известно, способствуют сплочению нации, уважительному отношению ко всем согражданам независимо от места их проживания, что также является большим вкладом в Концепцию "Кыргыз Жараны".