03/06/2023
Урматтуу жүргүнчүлөр!❗️
🙏🏻 Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын авиаташуудагы шарттары менен алдын ала таанышып алууңуздарды өтүнөбүз.
🔺 АКЫСЫЗ катталуу авиакомпаниянын расмий сайтында (www.wizzair.com) учууга бир күн калганда онлайн режиминде жүргүзүү керек!
⭕️ Авиакомпаниянын шарттары боюнча учууга алдын ала катталбаган учурда, авиакомпаниянын шарттарына ылайык, аэропортто катталуу үчүн 45 ЕВРО төлөөгө зарыл болот.
❌ Аэропорттун каттоо жайларында акысыз онлайн каттоодон өтүү
МҮМКҮН ЭМЕС!
❗️ Эгер сиз учуу алдынан бир күн мурун сайтта онлайн түрүндө катталсаңыз, анда сиз басып чыгарылган талонду беришиңиз керек, же уюлдук телефонуңузга жол жүрүү документин (отургузуу талону) жүктөп алууңуз керек. Сиздин саякат документиңиз (отургузуу талону) сиздин учууга катталганыңызды тастыктайт.
🚫 Эгерде кандайдыр бир себептерден улам отургузуу талону көрсөтүлбөгөн учурда, авиакомпаниянын шарттарына ылайык, сиз онлайн каттоодон өтүп, бирок тастыктоочу учуу документтерди тапшырбасаңыз да, учууга катталуу үчүн аэропортто 45 евро төлөшүңүз керек.
✅ Сиздин каттам транзиттик болгон күндө дагы, Бириккен Араб Эмираттарына визаңыз болушу керек.
🙏🏻 Урматтуу жүргүнчүлөр, сиздерден авиакомпаниянын расмий сайтындагы жоболор менен таанышып чыгууну жана түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз!
🔷 «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы жогоруда айтылган эрежелердин баары авиакомпаниянын шарттары экенин билдирет. «МЭА» ААК Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын ташуу шарттарына эч кандай тиешеси жок экендигин жана биздин компания авиабилеттерди сатпай турганын, бааларды жөнгө салбасын эскертет. Ошондой эле, авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржылык маселелерге кийлигишпейт.
🔸 Эске салсак, Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча каттамдар Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясы тарабынан жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.