Токтогул

Топурагы алтын ТОКТОГУЛ!

Токтогул жергесинин (Кетмен-Төбө өрөөнүнүн) баракчасына куш келиңиздер!

Бул баракча Токтогул жергесиндеги жанылыктар, жарыя-жарнактар жана башка информация бөлүшүүгө арналган.

Эгер биздин баракчабыз аркылуу жанылык, жарнама жана башка информация бергиниз келсе, бизге кайрылсаныз болот.

ТОКТОГУЛ Райондук маданият бөлүмү ишембиликте.
14/09/2024

ТОКТОГУЛ Райондук маданият бөлүмү ишембиликте.

Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатынын роторун орнотуу аяктады. Бул адистердин "беш айлык тынымсыз ишинин жыйынтыгы, оңдоп...
12/08/2024

Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатынын роторун орнотуу аяктады.
Бул адистердин "беш айлык тынымсыз ишинин жыйынтыгы, оңдоп-түзөө иштериндеги эң маанилүү этап" экенин белгиледи.

“Электр станциялары” ишканасы Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатынын роторун орнотуу аяктаганын билдирди. Бул адистердин "беш айлык тынымсыз ишинин жыйынтыгы, оң....

БҮГҮН, 19-МАЙДА ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДАГЫ СУУНУН КӨЛӨМҮ 10 МЛРД 69 МЛН КУБ МЕТРДИ ТҮЗДҮ.Бул тууралуу «Электр станцияла...
19/05/2022

БҮГҮН, 19-МАЙДА ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДАГЫ СУУНУН КӨЛӨМҮ 10 МЛРД 69 МЛН КУБ МЕТРДИ ТҮЗДҮ.

Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Суунун агып келиши секундасына 619 куб метрди түзөт, агып чыккан суунун көлөмү 303 куб метрге жетүүдө.

https://maralfm.kg/archives/586187

Бүгүн, 19-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 69 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. С....

ТОКТОГУЛДА 20ДАН АШЫК АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ҮЧҮН ЧОГУЛДУ.ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДА АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАР АРАСЫНДА ТАЖ...
19/05/2022

ТОКТОГУЛДА 20ДАН АШЫК АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ҮЧҮН ЧОГУЛДУ.
ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДА АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАР АРАСЫНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ӨТТҮ.
ИШ-ЧАРА 2 КҮНГӨ СОЗУЛДУ.
Маалым болгондой, иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы, Токтогул шаарынын мэри, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун аймактарынан келген 20дан ашык айыл өкмөт башчылар катышты.
Алгач Токтогул шаарында «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу» максатында ишке ашкан мыкты долбоорлор тууралуу презентациялар көрсөтүлдү.
https://toktogul-r.turmush.kg/news:467677

Иш-чара 2 күнгө созулду.

ТОКТОГУЛ РАЙОНУНУН КӨТӨРМӨ АЙЫЛЫНДА 21 ТОННА ПАХТА ӨРТТӨНДҮБул тууралуу бүгүн, 17-майда ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ка...
19/05/2022

ТОКТОГУЛ РАЙОНУНУН КӨТӨРМӨ АЙЫЛЫНДА 21 ТОННА ПАХТА ӨРТТӨНДҮ

Бул тууралуу бүгүн, 17-майда ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 292-чакырымында (Көтөрмө айылы) болгон.

Аталган тилкеде оор жүк ташуучу «DAF» үлгүсүндөгү уунанын чиркегичиндеги 21 тонна престелген пахта күйүп кетти.
Учурда өрттүн себеби таталууда.

https://toktogul-r.turmush.kg/news:467433

Айылдагы кырсык.

ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДА ОНДОГОН ГЕКТАР ЖЕРЛЕРДИ КҮЗДҮК ҮКҮЧӨ КУРТУ КАПТАП КЕТТИ.Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришке...
19/05/2022

ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДА ОНДОГОН ГЕКТАР ЖЕРЛЕРДИ КҮЗДҮК ҮКҮЧӨ КУРТУ КАПТАП КЕТТИ.

Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришкенин маалымат каражаттары жазышууда.
Жалал-Абад облусунун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайрат Садыков курт Токтогул району боюнча 80 гектар жерди каптап кеткенин билдирген.
Маалыматка караганда, күздүк үкүчө курту райондун Бел-Алды айыл аймагынын Коргон, Сары-Согот айылдарынын жашоочулары кайракы жерге эккен эспарцетин жеп, талааларды такырга айлантууда.
Ошондой эле, Ничке-Сай, Чолпон-Ата айылдарындагы кайракы жердеги тоют өсүмдүктөрүнө да түшкөн.

https://kg.eurasiatoday.ru/society/7760

БИШКЕК, 13-май. — Eurasia Today. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ондогон гектар жерлерди күздүк үкүчө курту каптап кетти.

Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылында жайгашкан №15 Данканай атындагы орто мектепте "Жер энени коргоо жаштардан башта...
14/05/2022

Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылында жайгашкан №15 Данканай атындагы орто мектепте "Жер энени коргоо жаштардан башталат" аттуу 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында сынак жыйынтыкталды.

Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, ПРООНдун ТОКТОГУЛ районундагы өкүлчүлү, Алатай мамлекеттик жаратылыш паркынын директору С.Анарбаев, Токтогул райондун билим берүү бөлүмүнүн усулчулары жана райондогу 37 орто мектептин биолог, географ мугалимдери ошондой эле директорлор, орун басарлар катышты.

#Токтогул

Address

Токтогул шаары
Toktogul
721600

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Токтогул posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Токтогул:

Videos

Share


Other Toktogul travel agencies

Show All

You may also like